Баткенде өзбек маданият борбору курултай өткөрдү

0
600

2022-жылдын 9-апрель күнү Баткен областынын Раззаков шаарында Баткен областтык өзбек билим жана маданият Борбору  алгачкы жолу Курултай өткөрдү.

Жыйынга Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын  Баткен областындагы бөлүмүнүн башчысы Апсалам Абдирайимов,  КР өзбек улуттук маданий борборунун түштүк региону боюнча орун басары Одилбек Отажанов жана өкүлү Рашидхон, Ходжаев , Лейлек районунун акиминин  орун басары Максатай Каримбердиева, Раззаков шаарынын мэри Чынгызбек Рысов  жана бир топ кадырлуу мыймандар катышты. Ошондой эле   Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Раззаков шаарлары жана Лейлек районунун айыл аймактарынан 120 расмий делегаттар менен жалпы  250гө жакын катышуучу болду.

Жыйындын жүрүшүндө  2021-2026-жылдары КРда Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын турмушка ашыруу боюнча иш-чаралар планы тааныштырылды.

Ошондой эле Борбордун жаңы уставы талкууланып бекитилди.

Жыйындын катышуучуларынын жалпы добушу менен Баткен областтык өзбек билим жана маданият Борборунун төрагасы болуп,  «Аалам — Олам» Республикалык гезитинин мурдагы башкы редактору, ишкер, Кыргызстандагы өзбек улутундагы элдердин лидерлеринин бири Камалов Шухратбек Камалович шайланды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here