Акы төлөп унаа айнегин карангылатууга уруксаат берилди

0
768

Президент унаа айнегин карангылатуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамдын максаты — акы төлөө негизинде транспорт каражаттарынын ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, уруксааты жок айдоочунун маңдайкы айнеги же алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлсө жана  пардалар тартылса,- жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга – 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here