Чек ара жаңжалында курман болгон жана жабыр тарткандарга жөлөк пул төлөнөт

0
1198

Министрлер кабинети тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул – курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин берилет.

Ошондой эле – курман болгон жарандын ата-энеси – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою берилет.

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here