Баткен облустук прокуратурасы тарабынан КР Жер мыйзамын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 55 жарандын ар бирине 0,06 га, жалпысы 3,3 га жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен.
Аталган факты боюнча Исфана шаарынын мурунку мэрине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы угузулуп, кылмыш иши, кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилген.
Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 млн сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.