Өлкөдө коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө

0
341

Бүгүн 13-январга карата Кыргызстанда коронавирустун 742 учуру катталды.Анын 8 Баткен облусунда.

Январь айынын башынан бери өлкөдө бул ооруга чалдыккандардын саны өсүп жаткандыктан, адистер бул төртүнчү толкундун башталышы деп коңгуроо кагышууда.

Баткен облусунун башкы санитардык дарыгери Асель Кошбаеванын айтымында, акыркы күндөрү коронавирустун жаңы учурлары облуста өсуп баштаганын жана  анализ тапшырган жарандардын катары көбөйүп жатканын айтты. Ошондой эле өлкөдө коронавирустун жаңы штаммдары пайда болгондуктан, анализдер  Бишкек шаарына изилдөөгө жиберилгенин айтты.

Адистер коронавирустан сактануу үчүн;

— эмдөөдөн өтүүнү,

— эл көп чогулган жерлерден алыс болууну

— беткап тагынууну

— беткапты 2-3 саат сайын алмаштырууну

— колду жууп, дезинфекциялоону

— 1 метр аралыкты сактоону

— бөлмөнү желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп турууну эскертишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here