ОМИКРОН тез тарагандыгы менен коркунучтуу

0
330

Омикрон — бул COVID-19 оорусуна алып келген вирустун жаңы штаммы.

«Дельтадан» айырмасы:

— мутациясы көп (б.а. белокто 32ге чейин өзгөрүүнүн болушу)

— жогорку жугуштуулугу, адамдар көп болгон имараттарда жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогорулайт.

Япониялык окумуштуулардын айтымында, «омикрон» дельтага караганда 4,2 эсе тез тарайт.

Мындан улам медицина мекемелерине жана кызматкерлерине күч келээри мүмкүн деген тынчсыздануулар бар.

Социалдык аралыкты сактоо жана беткапты колдонуу вирусту жугузуу ыктымалдыгын азайтат, бирок, өзгөчө оорулуу адам менен бир бөлмөдө узак убакыт байланышта болуу толук жокко чыгарбайт.

Оорунун белгилери демейде жугузуп алгандан кийин 3-6 күндөн кийин билине баштайт. Бирок! Жугузуунун жана жайылуунун жогорку ылдамдыгын эске алганда, байланыш болгондон кийинки күнү же бир күндөн кийин белгилеринин пайда болуу ыктымалдыгы жогору, деп айтылат, республикалык штабдын маалыматында.

Инкубациялык мезгил — бул адам вирусту жугузуп алган, бирок оорунун клиникалык белгилери али билине элек мезгил.

COVID-19 вирусу үчүн бул мезгил он төрт күнгө чейин болгон, ошондуктан карантин эки жумага чейин созулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here