Милиция беш күн бою күчөтүлгөн тартипте иштейт

0
368

Баткенде горнизондук саптык кароо болуп өттү

2021-жылдын 28-ноябрь КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоого карата Баткен обусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин горнизондук саптык кароосу болуп өттү.

Бул горнизондук кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери катышты

Саптык кароого ИИМнин орун басары Нурбек Абдиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфжан Тулаев, облустук милициянын башчысы Мурат Бороновдор катышып, кызматкерлердин шайлоо астындагы даярдыктары текшерилди.

Шайлоога күнү Баткен облус аймагындагы коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуучулуктун алдын алуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында 1200гө жакын милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге иш алып барат. Ошондой эле ыкчам тергөө топтору түзүлүп мыйзам бузулган жерлерде ыкчам чаралар көрүлөт.

Баткен облусунда милиция кызматкерлери 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барат дей айтылат ОИИБнын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here