Кыргызстан менен Түркия кино жана сериалдарды биргеликте тартат 

0
27

Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Бишкектеги Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитинде билдирди.

Министрдин айтымында, эки өлкөнүн ортосунда аудиовизуалдык продукция өндүрүү боюнча кызматташуу келишими түзүлдү. «Бул келишим Түркия менен биргелешип кинотасмаларды, видеоматериалдарды жана сериалдарды жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, биз тажрыйба алмашабыз, бул глобалдык кинопродукция тармагында өзгөчө мааниге ээ. Жакында эле Италия менен ушундай эле келишимге кол койгонбуз», — деп белгиледи Максутов.

Ошондой эле министр киноиндустрияны каржылоо быйыл 1 миллиард сомго жеткенин кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here