Абанын табы кескин өзгөрүп, кар жаашы күтүлөт

0
101

Кыргызстанда 5-8- ноябрь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрүп, мезгил мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Бул боюнча  Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты. 

6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 12…17 градус болот.

Ал эми 7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6°, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт. Өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here