Баткенде 9 айда 2200гө жакын киши сарык илдетине кабылды

0
97

Баткен облусунун аймагында  9 ай ичинде сарыктын “А” түрү боюнча   2190 учур катталды. Бул тууралуу Баткен  райондор аралык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асель Кошбаева Салам Медиага билдирди.

Ага ылайык, сарыктын “А” түрү боюнча көрсөткүч быйыл, былтыркы  жылдын 9 айына караганда үч эсеге көп. Вирустун көбөйүү себеби катары өзүнүн циклдүүлүгү айтылат, анткени 4-5 жылда цикл көтөрүлүп турат.

Буга байланыштуу, санэпид көзөмөл кызматкерлери бардык айылдардагы бала-бакча жана мектептерди кыдырып, балдарга колду жуунун, антисептик колдонуунун жана концелярдык буюмдарды колдонуунун тартиби тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ушундай эле иш чаралар ата-энелер арасында да жүргузүлүп жатат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь