Кадамжайда  суу сактагычтарды куруу иштери жүрүүдө

0
81

Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылында мамлекеттен 20 гектар жерди ижарага алган ишкер 6 миң кубдук суу сактагыч куруп жатат. Бул боюнча Президентин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кечээ 3-ноябрда аймакка болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.  

Облус башчынын иш сапарынын жүрүшүндө аймактагы ижарага берилген жерлерди өздөштүрүү, максаттуу пайдалануу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды. 

Учурда Кадамжай районунун аймагында мындан сырткары эки чоң суу сактагыч курулууда. Алар Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген айылында жана Орозбеков айыл аймагынын Тамаша айылында. Бул иш аракет жергиликтүү бийлик, Суу чарба башкармалыгы жана жергиликтүү элдин биргелешкен аракети, мамлекеттин колдоосу менен, ашар жолу аркылуу ишке ашууда. 

Акыркы эки жылда Кадамжай районунда 700гектар дың жер өздөштүрүү үчүн жарандарга  ижарага берилген. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here