УКМК «Пакистан – Афганистан-Өзбекстан-Кыргызстан» маршруту боюнча, жалпы салмагы 68 кг жакын болгон 300 миллион сом суммасындагы метамфетамин баңги каражатын ташыган чет мамлекеттин жараны кармады.
Атайын кызмат билдиргендей, кармалган чет элдик жаран жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды.
Учурда бул кылмыш боюнча башка катышуучуларды аныктоо үчүн ыкчам-издөө иш-чаралары уланып жатат.