Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, бүгүн, 31-октябрда саат 12:50лөр чамасында Баткен-Кара-Токой-Сох автоунаа жолунун 22-чакырымында жол кырсыгы катталып, Бужум айылынын тургуну каза болду.
Маалыматка караганда, кырсыктан каза болгон тургун өзүнүн «Митсубиси-спейс стар» үлгүсүндөгү унаасын батыштан-чыгышты карай башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун оң тарабына чыгып кеткен. Натыйжада унаа оодарылып, маркум алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.