Самаркандекте зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү

0
46

Баткен районунун Самаркандек айылындагы Мурат Салихов атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулар зомбулукка каршы жөө жүрүшкө чыгышты.  Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.  

Ага ылайык, жөө жүрүш үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуудан сырткары, жол кырсыктарын болтурбоо жана коррупцияга каршы күрөшүү максатында уюштурулду. 

Жөө жүрүштүн катышуучулары   “Биз коррупцияга каршыбыз”, “Зомбулукту токтот”, “Абайла айдоочу” деген ураандар менен айыл ичин аралады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жети айына карата облуста 407 үй-бүлөлүк  зомбулук катталган.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here