Баткен облусунда шайлоого карата даярдык жүрүп жатат

0
102

Бүгүн, 31-октябрда Баткенде 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктар боюнча жыйын өттү. 

Жыйынга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова,  президенттин  Баткен облусундагы өкүлү   Абдикарим Алимбаев,  район шаар башчылары, штабдын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Учурда Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште жалпы 219 шайлоо участкасы түзүлүп, шайлоочулардын  тизмеси илинип, шайлоочулардын аралыктан добуш берүү боюнча тизмелерин тактоо иштери жүрүүдө. Учурда Баткен шаарында 5, Раззаков шаарында 8, Кызыл-Кыя шаарында 5, Сүлүктү шаарында 8, Кадамжай шаарында 6, Айдаркен шаарында 3 партия шайлоого талапкерлигин көрсөткөн. Партиялардан 1009 талапкер шайлоого катышууда, анын 357си аялдар. 

Баткенде шайлоочулардын жалпы саны 344 999 түздү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь