Баткенде Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди

0
74

Баткен шаарында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси өткөрүлүп, иш-чара кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү менен башталды. Ага  Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана ички иштер органдарынын ардагерлери катышты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов кыргыз милициясынын тарыхындагы маанилүү учурларды белгилеп, бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерди айтып өттү. Абдикарим Алимбаев болсо милиция кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоодогу маанилүү ролун жана алардын күнү-түнү талыкпай кызмат кылгандыгын белгиледи.

Иш-чарада өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ИИМдин жана Баткен ОИИБдин сыйлыктары тапшырылып, ардагерлерге да урмат көрсөтүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь