Бүгүн, 6-ноябрда Баткен шаарында “Ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленди. Иш чара алгач кыргыз мамлекетинин түптөлүүсүнө салым кошкон улуу инсандардын эстелигине гүл чамбарларды коюу менен башталды. Ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер катышты.
Эскерүү иш чарасында ата-бабалардын арбайына багыштап куран окуп, бата кылынды. Андан соң облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, “ата-бабаларды эскерүү – кыргыз элинин маданиятында, каада-салтында жана руханий дүйнөсүндө өзгөчө орун алган сапат. Биз бүгүн ата бабаларыбыздын өз өмүрүн курмандыкка чалган эркине тизе бүгүп таазим этебиз. Кыргыз мамлекетинин түптөлүү тарыхында,улуу муундун өкүлдөрү, чыныгы жаратмандыкты, кайратмандыкты көрсөткөн. Биз азыр ушул улуу инсандар салган чыйыр жол менен, өнүгүүгө карай багыт алып баратабыз” деп белгиледи.