ТИМ  Орусияга барууну көздөп жаткан кыргызстандыктарга кайрылды

0
31

Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландап жаткан жарандарга тиешелүү органдарынын эрежелерине көңүл бурууга чакырды.

Анда Орусиянын чек арасынан өткөн жарандар документтерин алдын ала даярдап алуулары жана «белгилүү убакытты талап кылган кошумча текшерүүлөргө» даяр болуусу керектиги эскертилген. Текшерүүдөн соң Орусиянын чек ара кызматы өлкөгө киргизүүдөн баш тартуусу мүмкүн экенин да айтылат.

Россия Федерациясына чек ара аркылуу киргизүүдөн баш тарткан учурда Эл аралык келишимдер боюнча, Орусияга кирүүгө тыюу салынган адамдар авиакомпаниянын жоопкерчилигине өткөрүлөт. Бул адамдар орто эсеп менен үч күндүн ичинде кийинки рейс менен келген өлкөгө кайра жөнөтүлөт. Бул убакыт ичинде авиакомпания аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылары жазылат, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here