Баткен жана Өзбекстандын Сох районунун башчылары жолугушту

0
376

25-ноябрда Баткен районунун акими У. Жоробаев Сох районунун акими С.Саидмусаев менен Баткен райондук мамлекеттик администрациясында жолугушту.

Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн достугун бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана кызматташуу болуп саналат.

Эки тараптуу жолугушууда ​ ​ чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, соода сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алака берекени күчөтүү, маселелерди карап, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Андан сырткары эки тараптын чек аралаш аймактарындагы аксакалдарынын жолугушуусун өткөрүү, айыл-чарба жарманкесин уюштуруу жана эки тараптуу туризмди жакшы жолго коюу, өнүктүрүү​ соода-сатык жана маданий байланыштарды чыңдоо, ошондой эле эки тарап биргеликте кичи жана орто ишканаларды ачуу жөнүндө сөз болуп, жолугушуу достук маанайда жыйынтыкталды.

Бул жолугушуу ​ тажрыйба алмашуу жана экономиканы көтөрүүгө багытталган кызматташуу болуп саналат деп айтылат Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here