Облус башчысы этникалык кыргыздар менен жолукту

0
397

24-ноябрында  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев Баткен районунун Ак-Татыр айылында  Этникалык кыргыздар менен жолукту.

Жолугушууга тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Бишкек шаарынан  жарандык абалдын актыларын каттоо,жана  паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери ошондой эле кошуна Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн көчүп келген этникалык кыргыздар катышты.

Ак-Татыр, Аксай, Самаркандек айыл аймагында жашаган этникалык кыргыздар ,облус башчысына жана тиешелүү адистерге  бир катар көйгөйлүү маселелери менен кайрылышып, суроолоруна жооп алышты.

Баткен облусу боюнча жалпысынан 562 этникалык кыргыз көчүп келип , КР жарандыгын алабыз деген үмүттө жашоодо. Анын 274ү  Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча документ тапшырып, бүгүнкү күндө 91 киши жарандык алды.

Кошумчалай кетсек Баткен райондук калкты тейлөө борборунда атайын этникалык кыргыздар үчүн, КР жарандыгына кабыл алууүчүн  пункт ачылган. Бул жерде жарандар үчүн документтерди топтоо боюнча атайын адистер көмөктөшүп, консултация беришет.

Белгилей кетсек КР Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 8-июлундагы  «Этникалык кыргыздардын жана Кыргызстандын жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин убактылуу киргизүү жөнүндө» жарлыгы чыккан.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here