Баткенде шайлоо өз нугунда жүрүүдө

0
334

Баткен облусунда бүгүн 28-ноябрда эрте менен саат 8.00дө бардык шайлоо участкалары ачылып, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо башталган. Учурда  добуш берүү өз нугунда жүрүп жатат.

Саат 12:00гө карата  Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 31251 шайлоочу катышып, 10,2 %ды түздү. Ал эми Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 30855 шайлоочу добуш берип, 10,1%ды түздү.

Учурда алынган сааттарга карата эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок.Шайлоо өнөктүгү белгиленген талаптагыдай санитардык эрежелерди сактоо менен улантылууда деп билдирди КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here