«Баткендин суу көйгөйүн чечүүгө бөлүнгөн миллиондор»

0
443

2-декабрь күнү Баткен шаарында Суусуз дүйнө же Баткенде бир тамчы суу канча турат? жана Суусуз калган Баткендин Ак-Сай айыл аймагы, Миллиондук тендерлерди уткан депутаттар аталышындагы эки иликтөөнүн, андагы фактылардын алкагында коомдук талкуу өткөрүлдү.

Талкуу, журналисттик иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, «Баткендин суу көйгөйүн чечүүгө бөлүнгөн миллиондор натыйжалуу пайдаланылуудабы?» аталышындагы теманын тегерегинде болду.

Журналисттер буга чейин Баткен шаары жана облусунун суу маселесин чечүү үчүн миллиондогон тендерлер өткөнүн, бирок көйгөй азыркы убакытка чейин чечиле электегин аныкташкан. Учурда шаардыктар таза сууну камдап алганга мажбур болсо, аксайлыктар миллиондор коротулган насос станциялардын иштешин күтүп келишет. Бул иш-чара журналисттик иликтөөлөрдү коомчулукка маалымдоо, келтирилген фактыларга жооптуу органдар менен кызыктар тараптардын ортосунда диалог түзүү жана материалдарда айтылган көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөйт дейт уюштуруучулар.

Коомдук талкууга КРнын Президентинин облустагы өкүлчүлүгү, Баткен шаардык мэриясынын өкүлдөрү, шаардык жана айылдык кеңештин депутаттары, Баткен райондук администрациясынын, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Баткен облустук суу чарба башкармалыгы, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, «Баткен аймактык Таза-Суу» муниципалдык мекемесинин өкүлдөрү, активист, юристтер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш чара «Журналисттик иликтөөлөр фонду» тарабынан уюштурулду.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here