Тажик чек арачылары кармап кеткен жаран Кыргызстанга кайтарылды, анын абалы орто оор

0
1128

2021-жылдын 1-декабрында саат 14:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын 65 жаштагы тургуну Ж. Айдаровтун  1 баш бодо малы өзүнүн огородунан бошонуп кетип, Таджикистан республикасынын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткендиктен, артынан издеп барган учурда, ТРнын чек ара кызматкерлери кармап, Исфара РИИБнын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары чогулушуп, Ж.Айдаровду ТРнын жарандары ургандыгын айтышып, чогулган эл Таджик республикасынын Майский айылынын тургуну 1962-жылы туулган Сабиров Камал Сирожидиновичти кармап алышкан. Андан соң, Тажик Республикасынын Майский айылынын 10-15ке жакын жергиликтүү тургундары чогулушкан.

Эки тараптуу жергиликтүү милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Таджик республикасынын укук коргоо органдары, кармалган Ж.Айдаровду Баткен РИИБнин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ж.Айдаров Баткен шаарындагы Баткен ооруканасына жеткирилди, анын абалы орто оор.

Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Ж.Айдаровтун денесинен алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эки тараптуу сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда абал туруктуу. Окуя болгон жерде коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо максатында ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайгуулдар уюшулган деп айтылат Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы тартакан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here