Тоок ферма ээлеринин кайрылуусуна облустук бийлик жооп берди

0
584

Кечээ, 23-апрелде Баткенде тоок фермаларын иштеткен фермерлер жумуртка импортун токтотууну суранган маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Бул маселе боюнча облустук бийлик, Мемлекеттик Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгы, бажы жана салык кызматынын жетекчилери жооп берди. Бул туурасында облустук бийликтин маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, облус аймагында аткезчилик жол менен жумуртка алып кирүү фактылары катталган эмес. 23-апрелде Баткен шаардык салык кызматы шаардагы дүкөндөргө текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында мыйзамсыз келген жумурткалар табылган жок.

Ал эми Өзбекстандан мыйзамдуу жол менен облуска импорт болуп кирген учурларга тыюу салуу мыйзамга ылайыксыз болору, эки мамлекеттин ортосундагы соода сатык мамилелерин чындоо, кызматташуу боюнча макулдашууларды тастыктаган документтер бар экени айтылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here