Баткенде жарандык коргонуунун абалын баалоо жүрүүдө

0
387

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынан келген атайын комиссия Жарандык коргонуу кызматтарынын бардык мекемелеринде жумуш алып барууда. Алар адегенде эле Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгында болуп, тиешелүү иш кагаздарын карап чыкты.

Андан соң Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалында болгон комиссия транспорт каражаттарынын саны, техникалык даярдыгы жана жалпы жол картасы менен таанышты. Мындан сырткары, тынчтык мезгилде жумуш алып баруу тартибин да карап чыгышты.

Ал эми Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында жүргүзүлгөн баалоо учурунда иш кагаздары дээрлик сапаттуу даярдалгандыгы маалым болду. Ал эми айрым кемчиликтер боюнча комиссия тарабынан усулдук жардам көрсөтүлүп, кеңеш берилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана технологиялык көзөмөл министрлигин Баткен башкармалыгында да Жарандык коргонуу тутумунун ишмердүүлүгү дыкат текшерилип, иш кагаздарынын көктөмөсү атайын буйруктун негизинде тиркелгендиги жана айрым катачылыктар боюнча жеринде сунуш берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here