Баткенде кызыл сызыктан чыккан курулуштар сүрдүрүлүп жатат

0
242

Баткенде А.Жайнаков көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыккан курулуштарды бузуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Баткен шаарынын мэриясы тарабынан курулуштун ээлерине эскертүүлөр берилген.

“Былтыркы жылы аталган көчөдө кеңейтүүлөр болгон, бирок 600 метр жер менчик ээлери менен талаш жаратып, кеңейтүү иштери токтоп калган. Былтыркы жылы кеңейтилген жол жээгине өз билемдик менен курулуп кеткен курулуштар да мэрия тарабынан буздурулду,” – деп жазылат  маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here