Баткенде Дзюдо боюнча облус биринчилиги өттү

0
171

Баткен районунун Самаркандек айылында 8 жаштан 17 жашка чейинкилер арасында дзюдо боюнчо облус биринчилиги өттү. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, бул мелдеш Президентинин  «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Баткен районунун 90 жылдыгына карата уюштурулган. Ага Кызыл-Кыя, Баткен шаарларынын жана Баткен, Лейлек райондорунун аймагынан келген 300дөн ашуун  күрөшчү катышты.

Белгилей кетсек буга чейин дзюдо боюнча турнир Баткен облусунун аймагында биринчи жолу,  Баткен районунун Самаркандек айылында өткөрүлгөн.  Бул айылда жаштар дзюдо боюнча машыгат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here