Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов Лейлек районунда

0
873

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Лейлек, Сүлүктү аймактарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмү жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери менен жолугушуп, алардын аткарып жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Мындан сырткары, Лейлек районунун Кулуңду, Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө барды. Бул бөлүмчөлөр коңшулаш Тажик республикасынын Согди облусунун кээ бир райондору менен чектешкендиктен, чек ара тилкелериндеги милициянын аймактык пункттары менен жакындан таанышып, жеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту.


Жаңыдан дайындалган жетекчи Мурат Боронов жолугушууда кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери жарандар менен сылык мамиледе болуу, ИИОна кайрылып келген жарандын арызы оз убагында мыйхам негизинде чечилуусу, ошондой эле ар бир кызматкер оз милдеттерине так жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Кылмыштуулукка, коррупцияга жана банги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча бир нече талаптарын коюп, «ар бир кызматкер эл менен байланышты чыңдап, милициянын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү менен ишенимди актоо зарыл» деп өз сөзүндө белгилеп кетти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here