Тажикстандын органдары 22 жаранды кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

0
803

Соц тарматкарда Тажик тарап Кыргызстандын 22 жаранын кармап кетти деген маалымат тараган болчу. Ал маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. Өкүлчүлүктүн берген маалыматы боюнча учурда Тажик чек ара кызматы 2021-жылдын 16-февралында Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун  2 тургуну Лейлек районунун  Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барып, ТРнын Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган.

Алар жол таппай, адашып калып,  мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстан Республикасынын  атайын кызматы тарабынан кармалган.

22-февралда кармалган жарандардын жакындары КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевге кайрылышты. Өзүнү кармалгандардын бири Бурханов Сүйүндүктун атасы деп тааныштырган Мергенов Каланбек тажик тарап колго түшүрүлгөн балдар эч кандай аткезчилик менен түшпөгөнүн жана Кыргыз чек арасы такталбагандыктан адашып тажик тарапка кирип кеткен дейт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Турсуматов Мусурманкул, “учурда  укук коргоо органдары тарабынан, кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүгө бүгүн жөнөп кетээрин кандай жыйынтык чыгараарын жолугушуудан кийин белгилуу болоорун айтты.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл, чек аралаш аймакта орун алган маселелерди, мыйзам чегинде, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн  кошумчалады.

Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келээрин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Белгилей кетүүчү нерсе, КРнын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан, Тажикстан Республикасын  аймагына өтүү үчүн 3 негизги  мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар  Лейлей районунда Кулунду жана  Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекети. Башка  аймактан өтүү, чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Ошону менен бирге, чек аралаш аймактардагы жарандардын,  атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, ТРнын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here