Баткенде вакциналарды сактоочу бөлмө ачылды

0
646

Баткен  райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунда вакциналарды сактоо үчүн сыйымдуулугу 30 куб болгон муздаткыч бөлмө ачылып, пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Иш чарага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, ЮНИСЕФтин  Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджеоло катышты.

Сметалык баасы 30 миң  АКШ доллары болгон муздаткыч бөлмө ЮНИСЕФтин жардамы менен  Канада өкмөтүнүн каржылыгы астында курулуп, пайдаланууга берилди.

Бул  вакцина сактоочу бөлмө электр жарыгы өчкөн мезгилде  керектүү температураны  50 сааттан ашык убакытка чейин кармай алат. 

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунун  эмдөө каналары вакцина сактоочу атайын муздаткычтар менен 65 пайыз  камсыздандырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here