Өкмөт ата-энесинен ажыраган балдарга 500 миң сомдон берет

0
674

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ага ылайык, алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Ата-энесинен ажыраган бала 18 жашка чыкканда гана депозиттеги акча каражатын ала алат.

«Балдар үйүндө тарбияланган балдар, 18ге чыккандан кийин кам көрүлбөй, уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталган. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Экономикабыз оңолуп, мамлекетибиз кубаттуу болуп калды, мынтип колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат», — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Азыркы тапта өлкөдө 1 миң 868 ата-энесинен ажыраган бала бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here