УКМК: Райымбек Матраимов менен бир туугандары кармалды

0
134

 Эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди . Маалыматка караганда, ал 25-мартта Азербайжандын Баку шаарында кармалып, кечээ 26-март күнү Кыргызстанга алып келинди. Ошондой эле аны менен кошо бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор да алынып келинди.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов жок кылынган «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Учурда Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берененин (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Автор: Сезимай Жураева

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here