Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

0
419

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды — 5-март ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда жазда жаан, жайда ысык, күздө жел, кышта суук өткөзбөгөн ак калпак чынында эле мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, ошону менен бирге кийинки муундар үчүн дагы мааниси зор таберик экенин белгилеп, ак калпак баштаган улуттук кийимдерде көркөмдүк-эстетикалык жана практикалык жагы эле каралбастан, бүтүндөй жашоо философиясы камтылганын кошумчалаган. 

“Келечек бизге өз улуттук баалуулуктарыбызга, каада-салт, нарк-насилибизге кылган мамилебизге жараша баа берерин эске алганыбызда, бабалардын улуу салтын улоо — биздин, бүгүнкү муундун милдети. Ылайым, эр-азаматтарыбыз ак калпагын, эже-карындаштарыбыз ак жоолугун, энелерибиз ак элечегин башынан түшүрбөсүн, бийик тутсун, бийик жүрсүн!” —деп жыйынтыкталат, өлкө башчынын куттуктоосунда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here