Быйыл, орозо 11 марттан баштап кармалат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, өлкөнүн бардык аймагындагы мечиттерде 10-мартта таравих намазы окулат. Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.