Баткендин Ак-Татыр айылына логистикалык борбор курулат

0
2678

Райондук администрациядан билдиришкендей, Ак-Татыр айылында Баткен районун өнүктүрүү максатында бөлүнүп берилген 125 млн сом акча каражатынын эсебинен жаңыдан курулуучу логистикалык борбордун керектүү жабдыктары келип, курулуш иштери башталды.

Логистикалык борборго жалпы 22 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Ал эми борбордун жалпы аянты 0,5 гектарды түзөт.

Логистикалык борбордо 500 тоннага жакын  продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here