Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аткезчилик жүктөр, Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду айыл аймактарынын “Мурас-Арка” унаа жолунда 11-14-декабрь күндөрү кармалган.
“ Арка айылынын 30 жаштагы тургуну жана Кулунду айылынын 42 жаштагы тургунунун башкаруусундагы эч кандай коштоочу документтери жок көп сандагы тиричилик техникалары бар эки даана Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа.
Ошондой эле Кулунду айылынын 38 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаада, эч кандай коштоочу документтери жок салмагы 3 тоннадан ашун кондитердик азыктары болгон.
Кармалган унаалар жүк менен бирге “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын аймагына сактоо үчүн токтотулду.” – деп жазылат маалыматта.