Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады

0
399

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

«Бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде жүргөн. Жер иштеринен тарта асфальт төшөөгө чейинки жумуштар президенттин жеке көзөмөлүндө туруп, учурда эки тилкеде тең иштер аяктады», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, алдыда жол сызыктары чийилип, 1-сентябрга чейин жол белгилери орнотулуп, жумуштар толук жыйынтыкталат.

Белгилүү болгондой, Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган.

Белгилей кетсек, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырым аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11- чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here