Лейлекте сел арага 150 даана габион торчосу орнотулду 

0
31

Лейлектин Сары-Дөбө айылындагы Касай участкасында  150 даана габион торчолору орнотулуп, анын натыйжасында бир скважина, 400 метр ички чарбалык жол жана 300 метр ички чарбалык арык сел кооптуулуган коргоого алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,  аталган аймакта жайгашкан 15 турак үйгө сел келүү кооптуулугу жоюлду. Бул аймакта атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчеми белгиленген графикке ылайык аткарылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here