Индиянын Момбай шаарында өтүп жаткан кол күрөш боюнча Азия чемпионатында 100кг чейинки салмакта 40 жаштан жогоркулар арасында Баткендик балбан Жакыпбек Режебалиев жеңүүчү болду. Салам Медиасы балбан менен маектешип, аны жеңиши менен куттуктады.
Жакыпбек Режебалиев Баткен шаарынын Кызы-Жол кварталынын тургуну. Ал 2023-жылы Дубайда өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында оң колдон 1-орунду, сол колдон экинчи орунду камсыз кылган.