Үч-Коргон ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатынын реконструкциясы 65 пайызга аякталды. Энергетика министрлиги билдиргендей, бул модернизация долбоорунун максаты ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатуу жана иштөө мөөнөтүн узартуу.
Долбоордун алкагында демонтаждоо иштери толук аяктап, учурда монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат. Энергетиктер калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине чейин реконструкцияны бүтүрүүнү пландаштырууда.