Баткенде транс улуттук кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү кармалды

0
726

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, кармалган жаран Афганистандан Тажикстан аркылуу Кыргызстанга гашиш баңгизатын ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөн. 

Кармалган жарандын жанынан скочтко оролгон 10 даана брикет алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 5 килограмга жакын гашиш чайыры экени аныкталды.

Аталган факт боюнча мыйзамга ылайык, кылмыш иши козголуп, иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү баңгизаттарды андан ары сатуу үчүн Өзбекстандын жарандарына берүүнү көздөгөнү аныкталган.

“Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган кылмыштуу топ узак убакыттан бери Өзбекстанга гашиш маңзатын аткезчилик жол менен ташып, сатуу менен алектенип келгени белгилүү болду. Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына киргизилди.” – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here