Лейлекте 5 жаранга айып пул салынды

0
381

Облустук милициянын маалыматына таянсак, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Эски-Оочу, Бешкент айылдарында 28-30-август күндөрү “Арсенал” операциясы өткөрүлүп, лицензиялык уруксат берүү системасынын каттоосунда турган аймактар, жардыргыч заттарды сактоочу кампалар текшерилип чыкты. 

Ошондой эле чек ара аймактарында жашаган тургундарга мал уурулуктун алдын алуу, чагымчыл сөздөргө ишенбөө боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Каттоодо турган мергенчилердин ок атуучу куралдарынын сактоо мөөнөтү жана кайра каттоо мөөнөттөрү текшерилип, 4 атуулга протокол түзүлүп, 5 жаранга эскертүү актылары берилип, айып пулдар салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here