Баткен шаарындагы орто мектептер окуу жылга даяр

0
551

Баткен шаарындагы орто мектептердин жана балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана оңдоп-түзөө иштери текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Атайын түзүлгөн комиссиялык топ, шаардагы орто мектептердин 2023-2024-окуу жылына карата оңдоп-түзөө иштеринин аткарылышы, күз-кыш мезгилине карата даярдыгын,  оңдоп-түзөө иштерин, өрт коопсуздугун, санитардык-гигиеналык абалын карап чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык мекемелер окуучуларды кабыл алууга даяр экендиги жана косметикалык оңдоо иштери аяктоо алдында турганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, быйылкы 2023-2024-окуу жылында Баткен шаарындагы орто мектептерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн Республикалык бюджеттен 425 800 сом, ал эми балдар бакчаларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 516 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө Баткен шаарында мамлекеттик 8 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 6 балдар бакчасы бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here