Баткенде беш мектеп, эки кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилет

0
548

Бүгүн 11-августта Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилүүчү билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу Салам Медиага облустук бийликтин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. 

Алимбаев мектептердин курулушунун сапатын, айлана чөйрөсүн иретке келтирүү, көрктөндүрүү, окуу эмеректер менен камсыздоо, таза суу, сугат суу, электр энергиясына туташтыруу иштерин текшерди.

Ошондой эле билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо боюнча жооптууларга мектептерди  25-августка толугу менен даярдоо боюнча тапшырма койду.

Баткен облусунда  2023-2024-жаңы окуу жылына карата беш типтүү мектеп, эки кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилет.

Алар:

— Баткен районунун, Орто -Боз айылындагы “Ж.Момунов” орто мектеби;

-Кыштут айылындагы “Кыштут” орто мектеби;

-Кара-Бак айылындагы “Бото Нарматов” орто мектебинин кошумча имараты;

-Кызыл-Бел айылындагы “Масалиев” орто мектебинин кошумча имараты;

-Достук айылындагы “Достук” орто мектеби;

-Көк-Таш айылындагы “Көк-Таш” башталгыч мектеби;

-Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” мектеби;

Мындан сырткары Лейлек районунда “Борбордук” жана “Максат” орто мектептери капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. 

Аны менен катар жаңы окуу жылынын башталышы менен, 

-Баткен районунун Көк-Таш айылында “Учкун” балдар бакчасы

-Ак-сай айылында “Эделвейс” балдар бакчасы

-Достук айылында “Бөбөктай” балдар бакчалары пайдаланууга берилет. 

Учурда облуста жалпы  34 билим берүү мекемелеринин курулушу жүрүүдө, анын 25 мектеп, 9 балдар бакчасы.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here