Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча топографиялык жолугушуу өттү

0
1068

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында үстүбүздөгү жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, жолугушуу 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык өткөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. 

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында болоору пландалууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here