«Раззаков» аэропортунун конуу тилкеси кеңейтилет

0
1318

Лейлек районундагы «Раззаков» аэропортунун учакты кабыл алуу аянтчасы кеңейтилет. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматта, бул аба майданда бир гана учакты кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар, буга байланыштуу 3 учак туруучу жай кылып, чоңойтууга долбоор иштелип жатканы айтылат.

Жакынкы мезгилде долбоор даярдалып бүткөн соң курулуш иштери башталат.

Учурда «Раззаков» аэропорту толук кандуу иштеп, «Тез Жет» авиакомпаниясы Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча каттамдарды шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү жумасына 3 жолу аткарууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here