Быйыл «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына 17 студент талапкер болууда

0
294

 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр бул стипендияга тогуз студент тандалып, жалпы 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Стипендия АКШдагы белгилүү университеттерде жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларда окуп жаткан студенттерге берилери маалым.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында «Эл үмүтү» стипендиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Бериле турган акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here