Кадамжай районунда аял каналдагы сууга агып каза болду

0
1372

27-июлда эрте менен Кадамжай милициясына Кыргыз-Кыштак айыл амагынан агып өткөн каналдан аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул тууралуу  облустук милициянын маалымат кызматы билдирди. 

Сөөк табылган Умай-Эне айылына ыкчам тергөө кызматкерлери барып, текшерүү иштери жүрүп жатат. 

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгон аял Кадамжай шаарынын Пулгөн айылынын 61 жаштагы тургуну экени такталган. 

Ошондой эле каза болгон аял менталдык жактан оорукчан экени да айтылууда. 

Бул факты боюнча Кадамжай ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери уланууда.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here