Кыргызстанда гепатиттин В жана С түрүнө каршы акысыз текшерүү башталды

0
507

Текшерүүдөн 18 жаштан жогору жарандар өтө алышат. Алар өздөрү жашаган аймагындагы жалпы дарыгердик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылышса болот. 

Текшерүүдө В жана С гепатити аныкталбаса, 23 жаштан өткөндөргө акысыз эмдөө жасалат. Ал эми В же С вирустук гепатити аныкталгандар акысыз дарылануу үчүн медициналык уюмга катталып, бардык медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бериши керек.

Башка оорулар боюнча текшерилгендей эле, гепатиттен текшерилүү үчүн вирустук гепатитке кан тапшырардын алдында тамак ичпей ач карын баруу зарыл.

Кыргызстанда быйыл январь-апрель айларында вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 учур катталганы кабарланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here