Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин өткөрүү маселелери талкууланды

0
701

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин өткөрүү маселелерин талкуулады. Жолугушууга Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров, “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун мүчөлөрү жана тиешелүү мекемелердин башчылары катышты.

Район акими Кутпидин Шакиров Молдо Нияз менен Абсамат Масалиевдин мааракелерин өткөрүүгө даярдыктар, Молдо Нияздын мектеп-үңкүрүн реконструкциялоо иштери тууралуу маалымат берди.

Быйыл Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата 4 китеп жарык көргөн. ТҮРКСОЙ тарабынан да түрк тилдүү өлкөлөрдө Молдо Ниязга байланыштуу иш-чаралар өткөрүлөт. Жакында акындын китептери түрк тилинде жарык көрөт. Бир канча жогорку окуу жайларда, Казакстандын Алматы шаарында илимий-практикалык конференциялар өткөрүлдү.

Негизги акындын 200 жылдык мааракеси күз айларында өзү туулган Кадамжай районунда белгиленет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here